Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Энергетика министрлиги менен Кытайдын China Southern Power Grid International компаниясы электр энергетикасы тармагындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр энергиясын топтоо системаларын киргизүү маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында министрлик менен компаниянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, техникалык жана инвестициялык жактан ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор аныкталат.
Кызматташтык Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.