Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы улгайган адамдар тууралуу маалыматында билдирди.
Белгиленгендей, акыркы беш жылда өлкөдө улгайган жарандардын саны 140 миңден ашуунга же 25 пайызга өстү. Бул мурунку муундарга караганда саны жагынан көптүк кылган 1960-жылдардагы көп сандаган муундун өкүлдөрүнүн пенсияга чыгышына байланыштуу.
“2025-жылдын башында Кыргызстанда 702 миң эмгекке жарамдуу курактан улуу адам болгон, бул жалпы калктын 10 пайызын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектер 230 миң (эркектердин 6 пайызы), ал эми аялдар 58 жаш курактан ашкан аялдар 472 миң (аялдардын 13 пайызы). Аталган жаш куракта аялдар басымдуулук кылат: алар эркектерден 242 миңге же 2,1 эсеге көп. Бул аялдар эркектерге караганда орточо узак жашашы (76,6 жаш 68,4 жашка карата) жана пенсияга эркектерге караганда беш жыл эрте (58 жаш 63 жашка карата) чыгуусу менен түшүндүрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
Расмий билдирүүдө айтылгандай, БУУнун классификациясы боюнча 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү калктын жалпы санынын 4 пайызынан аз болсо, жаш деп эсептелет: 4-7% деңгээлинде калк карылыктын босогусунда турат, 7 пайыздан ашса - улгайган деп эсептелет. 2025-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жана андан жогорку жаштагы жарандардын үлүшү 6 пайызды (440 миңден ашык адам) түздү, бул калктын карылыктын босогосунда турган категориясына ылайык келет. Айрым КМШ мамлекеттерине салыштырганда бул көрсөткүч жогору. Мисалы, Азербайжан - 10%, Казакстан - 9%, Россия жана Беларусь – 17%.
БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкалып, 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.
Эскерте кетсек, жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык карылар күнү белгиленет. Бул күн 1990-жылы декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынып, коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын алдындагы маанилүү маселелерге буруу жана алардын жашообуздагы маанисин таанууга багытталган.