Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары 38%га азайды

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.39.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факты аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Быйыл көрсөткүч 449 учурга же 38,3 пайызга азайган.

Ошондой эле маалыматта иш берүүчүлөргө берилген милдеттүү көрсөтмөлөрдүн саны 57,8 пайызга кыскарып, текшерүүлөрдүн саны 11,6 пайызга азайганы белгиленген.