Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 42 522 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга жогорулаган.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, инфляцияны эске алганда реалдуу эмгек акы 12 пайыз жогорулады. Эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.
Эң чоң өсүш төмөнкү тармактарда болду:
- кыймылсыз мүлк менен операциялар — 39,9 пайыз;
- курулуш — 39,4 пайыз;
- административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 30,3 пайыз;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 28,4 пайыз;
- саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 27, пайыз;
- мейманканалар жана ресторандар — 26,8 пайыз;
- мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо — 24,7 пайыз;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле башка тейлөө ишмердүүлүгү — 21,7 пайыз.
Бул маалыматтар өлкө экономикасынын бардык секторлорунда эмгек акынын өсүү темпи тездегенин көрсөтөт.