Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергетика тармагын жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер "Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" (МУРЭС) долбоорунун алкагында уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып, ага 58 млн доллар каралган.
Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарына 281 трансформатор орнотулду. Ошондой эле 35 кВ чыңалуудагы 10 күч трансформатору тиешелүү көмөк чордондорго коюлду.
Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл облусунда 100 чакырым кабель тартуу пландалган. 2026-жылдын 8-июлуна карата анын 76,1 чакырымы орнотулуп, план 76 пайыз аткарылды.
Мындан тышкары, электр энергиясын эсепке алуу системасы санариптештирилүүдө. 500 миң 100 автоматташтырылган эсептегич жана 10 миң концентратор өлкөнүн бардык аймактарына орнотулган. 2026-жылы дагы 390 миң АСКУЭ эсептегичин сатып алуу каралууда.
Долбоордо электр тармактарын санариптик башкарууга өтүү да каралган.
Тактап айтканда, SCADA системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал электр тармагындагы объектилерди реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана башкарууга мүмкүндүк берет.
МУРЭС долбоору 2023-жылдын 28-июлунда күчүнө кирген жана 2027-жылдын аягына чейин ишке ашырылат. 2026-жылдын 30-июнуна карата долбоордун алкагында 32,7 млн доллар өздөштүрүлгөн.