Рекорд жаңырды: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 18 пайызга өстү

Коом Жүктөлүүдө... 21 Июль 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-07-21 at 11.29.13.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын 19-июлунда өлкө боюнча суткалык электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 50 122 млн кВт.саатты түздү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков өлкөнүн энергетика тармагындагы азыркы абал боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу керектөө 7 608 млн кВт.саатка же 18 пайызга өстү.

Маалымдалгандай, буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 2025-жылдын 22-июлунда катталган.

Жаңы рекорд өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 6 млн кВт.саатка көп болду.