Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,5пайызга өскөн.
Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын жана экономиканын негизги тармактарынын бекемделип жатканын тастыктайт.
Айлык маяналар
Ири жана орто ишканаларды эсепке алып (кичине ишканалардан тышкары), 2025-жылдын январь–июнь айларында бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык маяна 42 020 сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Инфляцияны эске алганда, реалдуу айлык маяна 11,5 пайызга көбөйгөн.

Айлык маяналардын өсүү темпи боюнча лидер тармактар:
- кыймылсыз мүлк менен операциялар — +40,3%;
- курулуш — +39,4%;
- административдик жана кошумча ишмердүүлүк — +30,1%;
- саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар — +27,3%;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — +27,3%;
- мейманканалар жана ресторандар — +26,2%;
- мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана социалдык камсыздоо — +24,2%;
- каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — +22,9%;
- башка тейлөө кызматтары — +21,3%.
Демек, айлык маяналар бардык экономикалык тармактарда өсүүдө.
Пенсия саясаты
Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдиргендей, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлүп, минималдуу пенсиянын өлчөмү 6 900 сом деңгээлинде бекитилген.
2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн жаңы индексациясы 10 пайыз өлчөмүндө пландалууда, бул мурда пландалган 7 пайыздан жогору. Бул жогорулоо бардык категориялар үчүн кеминде 600 сомду түзөт. Ал эми пенсиясы 50 миң сомдон жогору болгон жарандарга кошумча төлөм 5 миң сом өлчөмүндө белгиленет.
Мындан тышкары, жаңы дайындалган пенсиялар үчүн минималдуу өлчөмдү 7 миң 100 сом деңгээлинде бекитүү сунушталууда (2024-жыл үчүн жашоо минимуму - 7 миң 064 сом).
Эсептөөлөр боюнча, индексациядан кийин республика боюнча орточо пенсиянын көлөмү 11 миң 226 сомго жетет. Бул 818 миңден ашык пенсионерди камтыйт. Пенсияларды индексациялоо туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Жашоо минимуму
2025-жылдын экинчи кварталында калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимуму 8 миң 769,94 сомду түздү.

Социалдык топтор боюнча:
- эмгекке жөндөмдүү калк - 9 831,25 сом
(эркектер - 10 095,18; аялдар - 9 797,25)
- пенсионерлер - 7 774,84 сом;
- балдар - 7 421,23 сом, анын ичинде:
- 0 - 7 жаш - 6 579,45 сом;
- 7 - 14 жаш - 7 689,02 сом;
- 14 -17 жаш - 8 474,06 сом.
Региондор боюнча жашоо минимуму:
- Бишкек шаары - 9 172,3 сом (эң жогорку көрсөткүч)
- Жалал-Абад облусу - 8 954,99;
- Нарын облусу - 8 457,31;
- Ош шаары - 8 431,63;
- Талас облусу - 8 235,52;
- Чүй облусу - 8 155,60;
- Баткен облусу - 8 131,69;
- Ош облусу - 7 835,61;
- Ысык-Көл облусу - 7 819,42
Керектөөлөрдүн түзүмү:
- тамак-аш азыктары - 5 700,46 сом (жашоо минимумунун 65 пайызын түзөт)
- эт - 1 836 сом;
- сүт азыктары - 1 086 сом;
- нан азыктары - 734,96 сом;
- азык-түлүк эмес товарлар - 1 403,19 сом;
- кызмат көрсөтүүлөр - 1 490,89 сом;
- салыктар - 175,4 сом.
2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүш жолуна багыт алганын көрсөттү. ИДПнын олуттуу өсүшү, бардык тармактарда айлык маяналардын жогорулашы жана пенсиялардын туруктуу индексациясы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга негиз түзүүдө. Айрыкча, эң маанилүүсү кирешелердин көбөйүшү менен катар аларды реалдуу сатып алуу жөндөмү да өсүүдө, бул жарандарга экономикалык өсүштүн натыйжаларын кагаз жүзүндө эле эмес, күнүмдүк турмушта да сезүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттин пенсионерлерге карата жүргүзүп жаткан социалдык саясаты улуу муундарга кам көрүү приоритеттүү экенин айгинелейт. Пенсиялардын үзгүлтүксүз индексацияланышы жана алардын өлчөмүнүн жашоо минимумунан жогору деңгээлде сакталуусу 800 миңден ашуун жарандын татыктуу жашоо шартын камсыз кылат. Бул келечекке ишеним жаратып, коомдогу социалдык туруктуулукту бекемдейт.
Жашоо минимумунун өсүшү товарлар менен кызматтардын кымбаттап жатканын чагылдырат, бирок ошол эле учурда экономика шарттарга ылайыкташып, мамлекет жарандарды айлык акыларды жана социалдык төлөмдөрдү көтөрүү аркылуу колдой ала турганын көрсөтөт.
Калктын чыгымдары негизинен тамак-аш азыктарына багытталганы менен инфляциядан алдыга кеткен кирешелердин өсүшү оң тенденция болуп саналат. Бул калктын тамак-аштан башка товарлар менен кызматтарды керектөөсүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жалпысынан алганда, макроэкономикалык туруктуулук, реалдуу кирешелердин өсүшү жана ырааттуу социалдык саясат Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарт түзүп жатат.

Эгерде азыркы өнүгүү темп сакталса, өлкө жетишилген деңгээлди кармап гана турбастан, жаңы, сапаттуу жашоо деңгээлине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул өз кезегинде аймактар арасындагы айырмачылыктарды кыскартып, бир калыпта жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзөт.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,5пайызга өскөн.
Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын жана экономиканын негизги тармактарынын бекемделип жатканын тастыктайт.