Кыргызстанда ири экодолбоор башталууда - жаратылышты калыбына келтирүүгө 52 млн доллар багытталат

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 11:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда RESILAND CA+ аттуу ири экологиялык долбоор ишке кирди, анын алкагында экологияны калыбына келтирүүгө 52 млн доллар багытталат. Бул тууралуу аталган долбоордон билдиришти.

Белгиленгендей, программа табигый кырсыктардын алдын алууга, жаратылышты коргоого жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Долбоордун максаты эмнеде?

Кыргызстан – кооз жаратылышка бай өлкө. Бирок акыркы жылдары экосистемалар чоң коркунучта калды: токойлор кыйылып, топурак эрозияга учурап, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Акыркы 12 жылда эле өлкө аймагында 900дөн ашык сел жүрүп, миңдеген адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч жаралды.

RESILAND CA+ программасы дал ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө жана келечек муундардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Финансылык булактар жана мөөнөттөр:

Долбоор 2024–2029-жылдар аралыгында ишке ашат. Каржылоо төмөнкү булактардан камсыздалат:

  • 45 млн доллар – Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) жеңилдетилген насыясы;
  • 5 млн доллар – PROGREEN фондунун гранты;
  • 2,4 млн доллар – Корея менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун (KWPF) гранты.

Долбоордун негизги багыттары:

  • Табигый кырсыктардан калкты жана инфраструктураны коргоо;
  • Мөңгүлөрдү, кар каптамын жана сел коркунучун заманбап технологиялар менен байкоо системаларын киргизүү;
  • Салттуу ыкмаларды колдонуу менен айдоо жерлерди, бак-дарактарды, жолдорду жана үйлөрдү селден коргоо;
  • Жергиликтүү жарандарды тартуу менен токойлорду калыбына келтирүү жана ландшафттык башкарууну жакшыртуу;
  • Табигый кырсыктарга каршы туруктуулукту арттырган “жашыл”, “боз” жана биоинженердик (NBS) ыкмаларды колдонуу;
  • Тоо райондорунун өнүгүүсүнө арналган Беш жылдык иш-пландын алкагында Кыргызстандын глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги катышуусун бекемдөө;
  • Борбор Азия өлкөлөрүнүн климат өзгөрүшүнө каршы аракеттерин координациялоо;
  • Топурактын эрозиясына каршы күрөш жана токой чарбасын өнүктүрүү;
  • "Бир айыл – бир продукт" (БАБП) программасы аркылуу элдин жашоо шартын колдоо;
  • Өз ара коопсуздукту камсыз кылуу үчүн регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Географиясы жана басым жасалган аймактар:

Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Өзгөчө көңүл Кара-Дарыя дарыясынын бассейнине бурулат – бул аймакта сел коркунучу жогору. Андагы коргоо иш-чаралары Кыргызстандын гана эмес, агым боюнча төмөн жакта жайгашкан өлкөлөрдүн да коопсуздугун камсыздайт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • 70 миң гектар жер туруктуу башкарууга алынат;
  • 17 миңден ашуун адам табигый кырсыктардан корголот;
  • аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундар пайда болот;
  • эл аралык экологиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат.