Кыргызстанда эки коммерциялык банк жоюлууда

Экономика Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:00
bank-large-webp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда 1-октябрга карата "АзияУниверсалБанк" ААК жана "Ак Банк" ААК жоюлуу процессинде турат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Эки каржы уюмунун тең жоюучусу катары Депозиттерди коргоо агенттиги чыгууда.

Регулятордун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 21 коммерциялык банк жана 304 филиал иштеп жатат. Алардын ичинен беш банк ислам банкинг принциптери боюнча иш алып барат.