Кыргызстанда эки күн катары менен жер титирөө катталды

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 09:55
731462079_3892539254222578_5154865106897154446_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. 4–5-июль күндөрү өлкө аймагында эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Анда белгиленгендей, алдын ала маалыматтар боюнча, 4-июль күнү саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Бул жер титирөөнүн очогу өлкөнүн Моюнкум кумдары аймагында, Тараз шаарынан түндүк-чыгышка карай 60 чакырым жана Талас шаарынан түндүк-батышка карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Ал эми калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.

Ошондой эле 5-июль күнү саат 06:50дө 3,9 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Очогу Пригородное айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым, Токмок шаарынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырым жана Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай 80 чакырым аралыкта болгон. Пригородное, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында болжол менен 3 баллга чейин, ал эми Кемин шаары менен Орловка шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.