Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Күн мурун өлкө аймагында эки ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 4 баллдык жер титирөө саат 08:21де катталган. Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, Нарын шаарынан 210 жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 252 чакырым аралыкта болгон. Калктуу конуштарда анчейин билинген эмес.
Ошондой эле экинчи зилзала саат 19:24тө катталып, магнитудасы 5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, өлкө аймагындагы төмөнкү чекиттерден аралыктары катталган:
- Иркештам айылынан — 47 чакырым;
- Нура айылынан — 49 чакырым;
- Икизяк айылынан — 55 чакырым;
- Ош шаарынан — 175 чакырым түштүк-чыгышта болгон.
Иркештам, Нура жана Икизяк айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзгөн.