Кыргызстанда эки экологиялык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу сунушталды

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Кыргыз жашыл инфраструктура фонду" коомдук фондунун президенти Южел Акдениз башында турган Нидерланддар, Түркия жана АКШдан келген делегация менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда делегация Кыргызстандагы заманбап жана экологиялык өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган эки инвестициялык долбоорду сунуштады.

Долбоор Балыкчы шаарында күн электр станциясын курууну карайт, ал улуттук энергосистемада кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Экинчи долбоор Нидерланддардын Van der Hoeven компаниясына таандык жогорку технологиялуу фабрика–күнөсканасын түзүүнү көздөйт. Ал алдыңкы агротехнологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүнү камтыйт.

Тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун негизги техникалык, экономикалык жана уюштуруучулук аспектилерин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүн болгон формаларын, инфраструктуралык камсыздоо маселелерин, ошондой эле зарыл документтерди даярдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Равшанбек Сабиров сунушталган демилгелерге кызыкдар экендигин билдирип, агенттик аларды өлкө аймагында алга жылдырууга жана ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн айтты.