Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы астында Кылмыштуу иш-аракетти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын 19-отуруму болуп өттү.
Күн тартибинин башкы маселеси ЕАТтын баалоочулар тобунун эки жумалык көчмө миссиясынын аякташы жана отчеттун алдын ала долбоорунун бет ачары болду.
Отурумдун жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү/терроризмди каржылоо тобокелдиктерин азайтуу боюнча планды ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары жана кумар оюндары чөйрөсүндөгү тобокелдиктерге баа берүү каралды.
Маанилүү окуя министрлер кабинети тарабынан (2026-жылдын 29-сентябрындагы №653 токтом) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын кабыл алынышы болду.
Мындан тышкары, Комиссия виртуалдык активдер жана ВАСӨ секторундагы тобокелдиктерге баа берүү боюнча жыйынтыктоочу отчетту бир добуштан жактырды, ошондой эле Финкөзөмөл жана Улуттук банктын кумар оюндары чөйрөсүндөгү жана банк секторундагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар тууралуу баяндамаларын укту.
Берилген ЕАТ миссиясынын отчетунун долбоору Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системанын объективдүү абалын чагылдырды. Кыргыз Республикасы өз ара баалоону экономиканы коргоо жана каржы секторундагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн негизги курал катары карайт.
Кийинки кадамдар катары Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жана профилдик ведомстволорго отчетко негиздүү комментарийлерди даярдоо тапшырылды.
Алдыда өлкөнү 2027-жылдын жазында "бетме-бет" форматында позицияларды коргоо этабы жана 2027-жылдын май айында Ташкентте өтө турган ЕАТтын Пленардык жумалыгында жыйынтыктоочу талкуу күтүп турат.
Кыргызстандагы ЕАТтын көчмө миссиясы расмий түрдө аяктады. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баалоо миссиясынын өкүлдөрүнө жемиштүү жана конструктивдүү иши үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.