Кыргызстанда 100 жаштан ашкан 178 жаран жашайт

Министрлер кабинети 30 сентябрь 2026 13:05
6abcb3d515dea-thumb.jpg
6abcb3c736584-thumb.jpg
6abcb3c6be5af-thumb.jpg
6abcb3c10ba6d-thumb.jpg
6abcb3c10ba6a-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6abcb3d515dea-thumb.jpg
6abcb3c736584-thumb.jpg
6abcb3c6be5af-thumb.jpg
6abcb3c10ba6d-thumb.jpg
6abcb3c10ba6a-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алдында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.

Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында жашайт. Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды. Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын эмгектик жана коомдук салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуулар болду. Данияр Амангелдиев улуу муун өкүлдөрүнө урмат-сыйын жана ыраазычылыгын билдирип, алардын муктаждыктарына көңүл буруунун жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Улуу муун өкүлдөрүнө кам көрүү, алардын социалдык укуктарын камсыз кылуу жана татыктуу жашоо үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.