Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк биржаларда күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бюджетте күйүүчү майдын баасы 580 доллардын негизинде эсептелсе, азыркы учурда анын дүйнөлүк рынокто баасы 1700 долларга чейин жетти. Ушуга байланыштуу өкмөт нефтетрейдерлерге акциз боюнча баанын айырмасын субсидиялап жатат.
Ал белгилегендей, учурда коңшу мамлекеттердеги жана Кыргызстандагы күйүүчү майдын бааларында айырма 50 сомго чейин жетүүдө.