Кыргызстанда дээрлик 6 млрд сомго 34 саламаттык сактоо объектиси курулду

Ден соолук Загрузка... 17 Сентябрь 2025 14:35
485150442_1190774165749370_2810418893649747986_n.jpg
copyright icon WWW

Балыкчы, 17.09.25. /Кабар/. 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 34 саламаттык сактоо объектиси курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесинен жалпы суммасы 5 млрд 973 млн 149,9 миң сом каралган.

Облустар боюнча алганда:

  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Ош облусунда – 8;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Бишкек шаарында – 3;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Талас облусунда – 1 объект курулган.