Кыргызстанда дарыгерлерге ыктыярдуу кошумча төлөм киргизүү сунушталууда

Коом Загрузка... 19 Август 2025 17:32
vrach.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Кыргызстанда дарыгерлерге ыктыярдуу кошумча төлөм киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, бул жакшы жасалган операция үчүн ыктыярдуу кошумча төлөм болот.

"Бул нерсе азыр деле бар. Бирок, биз аны касса аркылуу ишке ашырууну каалайбыз. Башкача айтканда, жакшы жасалган операция үчүн ыктыярдуу кошумча төлөм санариптик, ачык-айкын формада болот. Эмне үчүн тамактануучу жайларда тейлөөчүгө чай пул берүү жакшы салт, ал эми дарыгерге берүү жаман салт болуп эсептелет? Биз ыктыярдуу кошумча төлөмдүн көмүскөдөн чыгышын каалайбыз", - деди Баетов.

Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Юстиция министрлигинин башчысынан бул параны жайылтууга алып келбейби жана мугалимдер менен башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери да жакшы өткөрүлгөн сабак же кардарды жакшы жана тез тейлегени үчүн кошумча төлөм сурап башташпайбы деп сурашты.

Ошондой эле бул демилге ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүндө ар кандай суроолорду жаратты.