Кыргызстанда дан эгиндерин сактоо боюнча жаңы технология колдонулууда

Коом Загрузка... 11 Июль 2025 13:33
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу дан эгиндерин сактоонун жаңы ыкмасы — атайын полиэтилен рукавдарга жүктөп сактоо технологиясы колдонула баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жабдуу Россиядан алып келинип, Чүй облусундагы "Таза-Жан" үрөнчүлүк чарбасында иштей баштады.

Рукав — бул узундугу 60 метрге чейин жеткен герметикалык полиэтилен түтүкчө болуп, ага дан эгиндери атайын жүктөгүч агрегат аркылуу салынат. Бир рукавга 220 тоннага чейин дан батат. Бул технология эгиндин сапатын сактап, нымдуулук, зыянкечтер жана температуранын өзгөрүшү сыяктуу коркунучтардан коргойт.

Мындан тышкары, рукавдарга синаж жана силос да салууга болот. Бул мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлер үчүн абдан пайдалуу.

Рукав менен сактоо жоготууларды азайтып, кампаларды курууга кеткен чыгымдарды кыскартат жана айыл чарба өндүрүүчүлөргө продукцияны пландуу түрдө сатууга шарт түзөт.

Министрлик айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүнү улантат жана фермерлерге жаңылыктарды ишке ашыруу боюнча кеңеш берүү аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр.