Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү жылдан-жылга өсүүдө

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 10:45
Citrus_aurantium.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө мандарин, апельсин, лимон, кумкуват сыяктуу цитрус өсүмдүктөр өстүрүлүүдө.

Эгерде 2023-жылы 801 гектардан 3 929 тонна өндүрүлсө, 2024-жылы 1 058 гектардан 4 839 тонна өндүрүлдү.