Өлкөдө чакан жана орто бизнеске 153 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 06 Ноябрь 2025 12:50
somi-large-webp_ytp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын 16-октябрына карата "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө" долбоорунун алкагында 52 субъектке жалпы суммасы 153,38 миллион сомго кредиттер берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсы тартылган.

2025-жылга долбоор боюнча жалпы насыя берүүнүн көлөмү 500 миллион сомду түзөт.