Кыргызстанда Борбор Азиянын бий олимпиадасы өтөт

Маданият 02 Июнь 2025 10:01
WhatsApp_Image_2024-02-28_at_11.12.23_3 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-02 at 09.39.47.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2024-02-28_at_11.12.23_3 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-02 at 09.39.47.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек 02.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарында 13-14-15-июнь күндөрү Борбор Азиянын 10-Юбилейлик эл аралык бий олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, олимпиаданын алкагында төмөнкү багыттарда бий жарыштары өтөт:

  • Бийдин бардык түрлөрү боюнча чемпионат;
  • Бийдин бардык түрлөрү жана спорт багыты боюнча «Вершина» фестивалы (судьясы жок форматта);
  • Спорт мажореткалары жана батон твирлинг боюнча жарыш;
  • Чир спорт боюнча «KYRGYZSTAN OPEN» Эл аралык ачык турнири;
  • Кыргызстандын чир спорт боюнча чемпионаты.

Олимпиадага катышуу максатында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Пакистан, Индия, Япония, Корея, Швейцария, Чехия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн бийчилер келери белгиленет.