Кыргызстанда биринчи жолу Сербиядан алынып келинген жүзүмдүн жаңы сорттору отургузулууда

Коом Загрузка... 28 Май 2025 10:58
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Чүй облусунда “Жайыл” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи үрөнчүлүк чарбасынын базасында жаңы жүзүмзарларды уюштуруу башталды.

Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1 гектар аянтка Сербиядан алынып келинген “Мустанг Италия”, “Мустанг Гамбург” жана “Виктория” сортторунун көчөттөрү отургузулду. 

Өсүмдүктөрдүн өнүгүшү жана натыйжалуу кам көрүү үчүн отургузуу 1,7×3 метр схемасы боюнча жүргүзүлүүдө. 

Белгиленгендей, бул аймакта түшүмдүн товардык жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн жогорулатууга багытталган биринчи сербиялык отургузуучу материал болуп саналат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,2 % га көбөйдү. 

Өсүмдүктөрдүн жалпы аянты азайганына карабастан түшүмдүүлүк гектарынан 12,3 төн 22,6 центнерге чейин жогорулады. Эң чоң өсүш темпи да катталды:

 –    Ош облусунда - дүң жыйымга карата +74 % ;

 –    Чүй облусунда 238 тоннага көбөйдү;

 –    Жалал-Абад облусунда түшүмдүүлүк дээрлик үч эсеге өстү;

 –    Баткен облусунда түшүмдүүлүк эки эседен ашык өстү.

Белгилей кетсек, жагымдуу агроклиматтык шарттарды жана өсүп жаткан суроо-талапты эске алуу менен жүзүмчүлүк агрардык өндүрүштү диверсификациялоонун келечектүү багыты катары каралат.