Кыргызстанда биринчи жолу Gallops экспедициялык ат жарышы өтөт

Спорт Загрузка... 14 Июль 2025 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-июлунан 26-июлуна чейин Кыргызстандын бийик тоолуу Соң-Көл көлүндө дүйнөгө белгилүү Gallops экспедициялык ат жарышы өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.19.43.jpeg

Анын айтымында, долбоор 12ден ашык өлкөдөн келген 60 атчанды, атактуу актёрлорду жана атактуу инсандардын өкүлдөрүн бириктирет. Gallops - Париж-Дакар форматындагы уникалдуу ат чабыш марафону. Бир жуманын ичинде катышуучулар Кыргызстандын кооз жерлерин аралап, 200 чакырымга жакын жолду басып өтүп, ат минүү чеберчилигин жана команданын ынтымактуулугун сынашат.

“Бирок, Gallops - бул жөн гана мелдеш эмес. Бул жерде достук, кызыктуу эстен кеткис окуялар жана ынтымак маанилүүрөөк”,-деп белгиледи Касымов.

Gallops долбоорунун Кыргызстандагы координатору Азамат Жаманкулов белгилегендей, эл аралык иш-чара катары Gallops дүйнөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурат.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.19.42 (2).jpeg

“Долбоордун алкагында Кыргызстанды эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактарда жана даректүү тасмаларда кеңири чагылдырат. Бул саякатчылардын жана туристтердин өлкөгө болгон кызыгуусун арттырат. Gallops буга чейин Иордония, Индия, Марокко, Оман мамлекеттеринде эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп, колдоого ээ болгон. Кыргызстан дагы жөн тандалып алынган жок. Кыргызстандын кооз жаратылышы, тоолору, меймандос эли долбоордун негиздөөчүлөрүнө абдан кызыктуу. Жарыштын катышуучулары 19-июль күнү Жумгал районунун Кызарт айылынан чыгып, Соң – Көлдү айланып кайра Кызарт айылына келишет. Эрежелердин баары так аныкталган. Ылдамдык каралбайт. Жеңүүчүлөр 26-июлда аныкталат”,-деди ал.

Gallops долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Бади Кебир иш-чаранын катышуучулары ар тармактуу кесиптердин ээлеринен турарын белгиледи.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.19.42 (1).jpeg

“Бир командада 5 адам болот. Катышуучулардын арасында блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнесмендер, журналисттер болот. Алардын ар бири Кыргызстандын кооздугу жана бай көчмөн тарыхы тууралуу билүүгө, көрүүгө кызыкдар. Келген ар бир катышуучу Кыргызстанга кайрадан кайтып келет деген ойдомун. Бул өлкөнүн туризминин өнүгүшүнө чоң салымын кошот”,-деп белгиледи Бади Кебир.

Жаманкулов кошумчалагандай, ат жарыштан тышкары келген конокторго кыргыз маданияты, улуттук тамак-аштар жана улуттук оюндар көрсөтүлөт.

WhatsApp Image 2025-07-14 at 12.19.42 (2).jpeg

“Күндө ат чаап келгенден кийин конокторго 2-3 саат Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл дүйнөсү, легендарлуу “Манас” эпосу тууралуу айтып беребиз. Муну менен алар кыргыз маданиятына сүңгүп кире алышат. Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги тарыхый иш-чара өткөнү жатат. Буюрса, дүйнөнүн булуң-бурчтарынан келген катышуучуларга өлкөбүздүн тоолуу кеңдиктерин жана бай көчмөн маданиятын ачып бергени аракет кылабыз”, - деп жыйынтыктады ал.