Кыргызстанда биринчи жолу адам сатууга каршы күрөшүү боюнча машыгуу өтүүдө

Коом Загрузка... 09 Июнь 2025 18:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. 9-июндан 14-июнга чейин Кыргызстанда биринчи жолу адамдарды сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча региондук симуляциялык машыгуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Иш-чара ЕККУнун Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координаторунун кеңсеси менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Түркиядан 100дөн ашык өкүлдөрдүн катышуусунда уюштурулууда.

Иш-чараны расмий түрдө эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу ачты. Ал өз сөзүндө теманын актуалдуулугун жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө мамлекеттер аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Адам сатуу учурдун эң коркунучтуу кылмыштарынын бири болуп саналат.Ал адам укуктарынын негиздерине доо кетирет жана аймактагы бардык өлкөлөрдөн так, координацияланган аракеттерди талап кылат.Кыргызстан бул көрүнүшкө каршы туруу мамлекеттик приоритет деп эсептейт.

Мындай масштабдуу симуляциялык машыгууну биздин өлкөдө өткөрүү ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга олуттуу кадам болуп саналат", - деп белгиледи министрдин орун басары.

Иш-чарага Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек министрлигинин өкүлдөрү, юристтер, социалдык кызматкерлер жана эксперттер катышууда.

Машыгуунун негизги максаты – адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, коргоо жана кайра багыттоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле республикалык жана аймактык деңгээлдеги бөлүмдөрдүн ортосундагы координацияны жакшыртуу.