Кыргызстанда биринчи жолу 35 балага заманбап сүйлөө процессорлору берилет

Коом 96 14 Август 2026 21:30
IMG_1601.jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, баасы 30 млн сомдук жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз сатып алынган.

Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.

Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.