Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 6, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.