Бишкек,10.10.25./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бала бакчаларда, мектептерде, кесиптик лицейлерде жана кошумча билим берүү мекемелеринде зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүүдө.
Министрликтен кабарлашкандай, улуттук изилдөөнүн алкагында бүгүн, 10-октябрда министрликте тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде балдарга кам көрүү, балдарды коргоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелерин жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда ошондой эле бул жаатта мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук органдардын өз ара аракеттенүүсү жана орун алган көйгөйлөр талкууланды.
Маалым болгондой, улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бала бакчаларда, мектептерде, кесиптик лицейлерде, кошумча билим берүү мекемелеринде балдарга жана өспүрүмдөргө билим берүү системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган тиешелүү документ иштелип чыгат.