Кыргызстанда балдарды колдоо үчүн соцкызматкерлерди окутуу башталды

Коом 623 25 Август 2025 12:59
538942893_1217775410392130_7046175376493859356_n.jpg
539223649_1217774947058843_6532810851044215905_n.jpg
538848259_1217775523725452_2456605309002208683_n.jpg
538989429_1217775033725501_4638190784486446901_n.jpg
539071242_1217775000392171_5249253845455966925_n.jpg
539127504_1217775380392133_3852821637819966408_n.jpg
539186283_1217775480392123_1488808049331300894_n.jpg
Алдыга
Артка
538942893_1217775410392130_7046175376493859356_n.jpg
539223649_1217774947058843_6532810851044215905_n.jpg
538848259_1217775523725452_2456605309002208683_n.jpg
538989429_1217775033725501_4638190784486446901_n.jpg
539071242_1217775000392171_5249253845455966925_n.jpg
539127504_1217775380392133_3852821637819966408_n.jpg
539186283_1217775480392123_1488808049331300894_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жаңы социалдык кызматкерлер үчүн беш күндүк окутуу башталды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага эмгек министри Равшанбек Сабиров жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа катышты.

Окутуу КР президентинин "Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө" жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, мамлекеттик коргоого муктаж балдар менен иштеген адистердин билимдерин жана көндүмдөрүн чыңдоого багытталган.

Социалдык кызматкерлерди этап-этабы менен ишке алуу иши өлкө боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө анын алгачкы эки этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып, 280 адис ишке алынган. Жалпысынан жарлыкка ылайык 550 социалдык кызматкер жумушка кабыл алынып, бул социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдө жана турмуштук оор кырдаалдагы балдар менен үй-бүлөлөргө көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү кадамы болуп саналат.

"Социалдык кызматкерлер эң алдыңкы сапта туруп, балдарга жана үй-бүлөлөргө кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөктөшөт. Министрлик социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, статусун бекемдөө, келечекте эмгек акыны жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат", - деди министр.

Окутуу адистерге тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмаларды жана куралдарды өздөштүрүүгө, ошондой эле балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түзүп, заманбап жана натыйжалуу социалдык коргоо системасын чыңдоого өбөлгө болот.