Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Биринчи радионун" эфиринде социалдык маанилүү азыктардын баасынын өсүшүнө таасир эткен факторлор, ошондой эле өлкөнүн негизги азык-түлүк түрлөрү менен камсыз болуу деңгээли тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, баанын өсүшү социалдык маанилүү азыктарда гана байкалган жок. Ал мында жалпы экономиканы кароо керектигин белгиледи. Экономика акыркы үч жылда 8 млрд доллардан 17 млрд доллардан ашып, эки эсеге өстү. Ал эми, калктын кирешеси орточо 10 пайызга жогорулаганы болжолдонууда. Албетте, кирешеси көбөйбөгөн айрым адамдар болушу мүмкүн, бирок жалпысынан алар өсүп жатат. Ага ылайык, товарларга, өзгөчө социалдык маанилүү товарларга суроо-талап пайда болууда, бул фактыны кабыл алышыбыз керек.
Ал кошумчалагандай, алты азык боюнча биз өзүбүздү 100 пайыз толук камсыз кылабыз. Үч азык боюнча өзүбүздү толук камсыз кыла албайбыз, ошондуктан импорттойбуз.
Адистин айтымында, ошол эле учурда баага тышкы факторлор да таасир этүүдө, анын ичинде коңшу жана башка өлкөлөрдөгү (мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Россия, бир катар Европа өлкөлөрү жана АКШ) инфляциялык процесстер. Ал Дональд Трамптын жакында эт азыктарына жана негизги азык-түлүктөргө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча чечимин мисал келтирди.
"Кыргызстан дүйнөлүк экономикага интеграцияланган жана бул процесстердин баары бизге сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Бул жерде көптөгөн факторлор бар, биз муну эске алышыбыз керек", - деп белгиледи Чекирбаев.
Ал баалар өтө жогорулап кетпеши үчүн мамлекет чараларды көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бааны жасалма түрдө көбөйтүшү мүмкүн болгон ортомчулардын аракеттерин токтотуу маанилүү. Ал акыркы күндөрү базарларда эттин баасы 20 сомдон 50 сомго чейин төмөндөгөнү байкалганын белгиледи.
"Азыр биз баа эмне үчүн жогорулап жатканын анализдеп жатабыз. Ортомчулар этке 100-200 сом кошуп жатат деген маалымат пайда болду. Биз мунун эмне себептен болуп жатканын деталдуу изилдешибиз керек. Бирок, азыр алар өкмөттүн жана министрликтердин чакырыктарын угушту. Биз бул багытта иштерди улантуудабыз", - деди.
Ал ошондой эле өткөн жылдагы азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлин эске салды. Кыргызстан өзүн картошка, жашылчалар, кой жана уй эти, ошондой эле сүт менен толук камсыз кылды. Кант боюнча өткөн жылы камсыз болуу 90 пайыздан ашты, жумуртка боюнча 75 пайызга жакын болду, бирок жеке өндүрүүчүлөр үй чарбаларын кошо алганда сектор толук камсыз кылат деп айтышат. Өсүмдүк майы боюнча өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 56 пайыз, нан азыктары боюнча 70 пайызды түздү. Канаттуулар эти боюнча толук эмес: ушул жылы 58 миң тоннадай импорттоп жатабыз.
Чекирбаев белгилегендей, өлкө кумшекерди сырттан алып келбейт. Өткөн жылы өлкө өзүн-өзү толук камсыздап, алтургай 15 миң тоннага жакынын чет өлкөгө экспорттогон. Былтыркыдан дагы 15 миң тоннадай кумшекер калган.