Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын зомбулукка жана басмырлоого кабылган учурлары көбөйүп жаткандыгы парламентте айтылды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев мындай орчундуу маселеге кайдыгер карабоо керектигин баса белгиледи.
“Мен бүгүнкү күндө коомдо аялзатына болгон мамиле боюнча маселе көтөргүм келет. Бул маданий, руханий дөөлөттөрүбүзгө, коомдун өнүгүүсүнө түз тиешеси бар маселе болуп саналат. Кыргыз эли аялзатына терең урмат менен мамиле кылып келген. Аял үй-бүлөнүн куту, балдарынын энеси, коомдун руханий тиреги. Биздин тарыхта Курманжан датка, Айчүрөк, Жаңыл Мырза сыяктуу инсандарыбыз аялдардын акылмандыгын, кайратмандыгын даңазалап келген. Ислам дининде да аялдарга өзгөчө урмат көрсөтүлүп келет.
Бүгүнкү күндө тилекке каршы, аялдардын зомбулукка, басмырлоого кабылган учурлары кездешип жатат. Биз буга кайдыгер болбошубуз керек. Мектеп программасына адеп-ахлак, үй-бүлө баалуулуктары, ата-энени урматтоо сыяктуу темаларды киргизүү керек. Бул келечекте аялзатына сый-урмат менен мамиле кылган жаш муунду тарбиялоого өбөлгө түзөт деп эсептейм”, - деди депутат.