Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын эмчек рагы боюнча 900гө чейин жаңы учур катталат. Бул тууралуу Түркияда эмгектенген кыргызстандык онколог-дарыгер Бермет Жунушова Бишкекте өткөн айымдардын ден соолугуна арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө онкологиялык ооруларынын ичинде аялдардын эмчек рагы биринчи орунда турат. Себеби, сүт безинин рагынын алгачкы стадиясында эч кандай белгилери болбойт, ооруну эрте аныктоонун бир гана жолу медициналык кароодон убагында өтүп туруу.

"Эмчек рагы эң көп изилдөөгө алынган онкологиялык оорулардын бири. Баарыбызга белгилүү болгондой, бул дартты эрте аныктоодо ийгиликтүү дарылоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, Америкада эң көп өлүмгө алып келген өпкө рагынан кийинки орунда эмчек рагы турат. Түркияны алсак, ар бир 8-аял бул илдет менен жабыркап келет. Ал эми Кыргызстанда соңку жылдардагы маалыматтар боюнча жылына эмчек рагынын 70тен 900гө чейинки жаңы учуру катталууда. Мында тилекке каршы, 60тан ашык учуру оорунун үчүнчү жана төртүнчү стадияларда аныкталат. Бул дарылоону татаалдаштырып, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн азайтууда”,- деди Жунушова.
Дарыгер дүйнөдө онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмасы дээрлик бирдей экенин белгиледи.

“Эң негизгиси өз учурунда дарыгерге кайрылып, текшерилүүдөн коркпош керек. Анткени, ар бир ооруну дарылоонун ыкмасы, жолу бар. Ошондуктан өз учурунда дарыгерге кайрылуу маанилүү. Мен өлкөбүздөгү И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында окууну аяктап, учурда Түркиянын Измир шаарында онколог-дарыгер болуп эмгектенем. Бир нерсени белгилей кетсем, дүйнөдө онкологиялык ооруларды дарылоо дээрлик бирдей. Бул оору айыгат жана Кыргызстанда да дарылоого болот”, - деди дарыгер.
Жунушова өз сөзүндө 40 жаштан жогорку курактагы айымдар сүт бездерин жана ошондой эле гинекологиялык ооруларга жыл сайын бир жолу текшерилип туруу зарылдыгын эскертти.

“Онкологиялык оорулардын алдын алуу үчүн биринчиден туура тамактануу жана алдын ала текшерилип туруу абдан маанилүү. Алдын алуу үчүн негизинен малдын майын, туздуу тамак-ашты азырак керектөө жана ашыкча салмактан арылуу керек. Мында онкологиялык оорулар гана эмес, башка оорулар да азыраак болот. 40 жаштан жогорку курактагы айымдар сүт бездерин жана ошондой эле гинекологиялык ооруларга жыл сайын текшерилип туруулары зарыл”, - деди ал.

Ошондой эле тузду, тамактын даамын көтөрүүчү татымдарды көп колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизип, биринчилерден болуп ашказан жана боор рагына алып келерин маалымдады.
Белгилей кетсек, онколог Бермет Жунушова учурда түркиялыктарды гана эмес, кыргызстандык бейтаптарды да дарылап, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Бир жыл мурда эмчек рагы илдети аныкталган 62 жаштагы Гүлмира Кулмурзаева дарыгер Жунушованын көзөмөлүндө дарыланып келет.

"Бермет Жунушова мага экинчи жашоо берди десем болот. Бир жылдан бери дарыланып, азыр жакшы болуп калдым. Учурда да дарылануум уланууда. Онкологиялык илдет менен ооруган адам дарылануу менен бирге психикалык жактан да күчтүү болуп, айыгып кетем деген ишеничи чоң болуш керек экен”, - дейт Кулмурзаева.
Ал эми төртүнчү стадиядагы өпкө рагынан дарыланып жаткан 62 жаштагы Кымбат Сыдыгалиева учурда саламаттыгы кыйла жакшы экенин билдирди. Анын айтымында, эң негизгиси анда дарыгерге болгон, оору айыгат деген ишеним болуп, коркуу сезими болгон эмес.

Жыйынтыктап айтсак, эмчек рагы өлкөдө аялдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудуруп, негизги көйгөй оорунун кеч аныкталышында болууда. Бул абал ар бир аялдын өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуусун, алдын ала текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүп туруусун талап кылат. Дарыгер өз убагында аныкталган жана туура дарыланган онкологиялык ооруларды айыктырууга толук мүмкүн экенин дагы бир ирет эске салды. Айымдардын, эненин ден соолугу - улуттун байлыгы. Балдарына, үй-бүлөсүнө кам көрөм деген айым биринчи камкордукту өзүнөн баштоосу зарыл.