Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл эмчек рагы менен каттоодо турган бейтаптардын саны 845ке жетип, оору 14–18 жаш курагындагы кыздарда да кездешүүдө. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун башкы илимий кызматкери, онколог-маммолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Кыял Макиева жергиликтүү радиолордун биринде билдирди.
Анын айтымында, быйыл онкологиялык каттоодо турган бейтаптардын жалпы саны 7 миңге жакындады. Алардын арасында эмчек рагы менен ооругандар саны боюнча ашказан рагынан кийинки экинчи орунда турат.
"Мурда эмчек рагынын 3–4-стадиялары басымдуулук кылса, азыр бейтаптардын 70 пайызына оорунун 1–2-стадияларында диагноз коюлууда. Ал эми 4-стадиядагы бейтаптар жалпы ооругандардын 23 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ооруга чалдыккандардын жаш курагы да жашарып, 14–15 жана 18 жаштагы кыздарда да кездешүүдө", — деди ал.
Онколог эмчек рагынын тобокелдик факторлору адам өзү өзгөртө албаган жана көзөмөлдөй алган болуп экиге бөлүнөрүн белгиледи. Биринчи топко жыныс, жаш курак, тукум куучулук, гендердеги өзгөрүүлөр жана гормоналдык факторлор кирет.
Ал эми тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, кыймыл-аракеттин аздыгы жана гормоналдык дары каражаттарын көзөмөлсүз колдонуу сыяктуу факторлорду азайтуу аркылуу оорунун тобокелдигин төмөндөтүүгө болот.