Сүт бездерин текшерүү. Кыргызстанда кайсы медкызматтарды акысыз алса болот?

Ден соолук Загрузка... 25 Март 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-03-25 at 11.42.21.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аялдарды өз убагында консультациядан жана сүт бездеринин УЗИден өтүүсүн сунуштап, кандай кызматтарды бекер жана арзандатуу менен алса болорун маалымдайт.

Фонддон билдиришкендей, аялдар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда же жалпы дарыгерлик практика борборунда үзгүлтүксүз консультациядан өтүп, сүт бездерин текшерүүдөн өтүшү керек.

УЗИ – фиброкистоздук мастопатия, залалдуу шишик жана эмчек рагы сыяктуу эмчек ооруларын эрте аныктоонун эң эффективдүү ыкмаларынын бири.

Үзгүлтүксүз текшерүү патологиялык өзгөрүүлөрдү алгачкы этапта аныктоого жардам берип, дарылоо эң натыйжалуу болот.

Камсыздандырылган жарандарга кандай жеңилдиктер каралган?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камсыздандырылган аялдар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасы:

ҮМБда же БДПБда акысыз консультация жана изилдөө.

Изилдөө ошол эле мекемеде жүргүзүлсө УЗИге 50% арзандатуу.

Дарыгердин көрсөтмөсү боюнча акысыз лабораториялык изилдөөлөр (эгер көрсөтүлгөн болсо).

Артыкчылыктардан пайдалануу үчүн, сизге төмөнкүлөр керек:

-Тийиштүү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮДБ) дайындалыңыз;

-Лабораториялык анализдерге жана УЗИге үй-бүлөлүк дарыгериңизден жолдомо алыңыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар экендигин төмөндөгүдөй текшерүүгө болот:

-ММК фондунун сайтында https://foms.kg/ru/status/;

- ММКФ мобилдик тиркемесинде (бардык түзмөктөр үчүн акысыз);

- Күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефону аркылуу.

Эгерде үй-бүлөлүк дарыгер бейтапты УЗИден өтүүгө адистештирилген медициналык мекемелерге (мисалы, Улуттук онкология борборуна) жөнөтсө, текшерүүгө белгиленген тариф боюнча төлөм кассалык аппарат аркылуу жүргүзүлөт.

Кеңири маалымат алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз же 24 саат бою иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын эмчек рагы катталат, бул аялдардын онкологиялык ооруларынын арасында биринчи орунда турат.