Бишкек,09.10.25./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси биргеликте аялдар менен майыптыгы бар кыздардын укуктарын коргоо жана жыныстык теңчиликти илгерилетүү боюнча иштерин улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, Канаданын жергиликтүү демилгелер фонду тарабынан колдоого алынган «Аялдар жана майыптыгы бар кыздардын укуктарын кеңейтүү: Кыргызстанда гендердик зомбулуктан коргоону күчөтүү» долбоорунун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык-консультациялык семинарлардын сериясы башталууда.
Биринчи семинар Чүй облусу жана Бишкек шаары үчүн 2025-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында өттү.
Семинар прокуратура органдарынын, ички иштер кызматкерлеринин, адвокаттардын жана социалдык кызматкерлердин катышуусуна багытталган. Анын максаты — зомбулукка кабылган, ар кандай формадагы аялдарды жана майыптыгы бар кыздарды коргоодо кесиптик коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
Семинардын программасына укуктук базага талдоо, эл аралык стандарттарга сереп, коргоонун баштапкы чараларынын алгоритмдери, сотко чейинки жана соттук териштирүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле майыптыгы бар адамдар менен иш алып баруудагы этика жана этикет маселелери кирет. Окуу теориялык сессиялар, практикалык тапшырмалар жана интерактивдүү көнүгүүлөр менен айкалышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева министрлик аялдар менен кыздардын, айрыкча көп түрдүү дискриминацияга туш болгон адамдардын укуктарын коргоо үчүн туруктуу иш алып барып жатканын белгиледи.
Мындай семинарлар укук коргоо органдарынын кызматкерлери, прокурорлор, адвокаттар жана социалдык кызматкерлер зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар менен кыздардын өзгөчө муктаждыктарын жакшыраак түшүнүп, эске алууларына өбөлгө түзөт.
Семинарлар Кыргызстандын бардык 7 облусунда өтөт.