Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. 1-2-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи дүйнөлүк “Рух Санат” фестивалынын алкагында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство боюнча эл аралык сынак өтөт . Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Сынактын координаторлорунун бири Мария Наумова билдиргендей, Кыргызстанда биринчи жолу салттуу маданияттын бардык кырларын ачып көргөзүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган уникалдуу аянтча түзүлүүдө. Үч күн бою Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий этнокомплексинде салттуу музыканы алып жүрүүчү музыканттар, окумуштуу-илимпоздор, продюсерлер, фестиваль жетекчилери, салттуу музыканы сактоого, жайылтууга кызыкдар болгон күйөрмандар чогулат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар катышуучуларга кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз өлкөсүнүн жетишкендиктерин эл аралык аренада көрсөтүүгө жардам берет.
Сынакта тандоодон өткөн 84 профессионал музыканттар таймашат. АКШ, Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген 9 жеке аткаруучу, 12 чыгармачыл топ күч сынашат. Кыргызстандын атынан 4 музыкант жана 4 чыгармачыл топ катышууда.
Сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспаптык багыты боюнча өтөт. Музыканттардын дараметин 7 өлкөдөн келген эл аралык калыстар тобу баалайт, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Сынактын тандоо угуулары 1-2-августта өтөт, ал эми 3-августтагы фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземинде жеңүүчүлөрдүн концерти болот.
“Рух Санат” фестивалын Кыргызстанда эки жылда бир өткөрүү пландалууда. Быйылкы жыл “Салттуу маданият жана музыка” аталышында өтсө, кийинки ирет бийге көңүл бурулмакчы.