Кыргызстанда алгачкы тарыхый сериал тартылып баштады

Маданият 19 июнь 2025 09:50
Кыргызстанда алгачкы тарыхый сериал тартылып баштады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң форматтагы тарыхый сериал тартылып баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.

“Кара кыргыз” сериалында - 1917-жылдары эл үчүн күрөшкөн беш залкар инсандын өмүр жолу аркылуу үркүн, саясий күрөш жана советтик репрессия окуялары чагылдырылат. Алар - Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков.

Сериалды “Кыргыз сериал” жана “Арна продакш” компаниялары тартууда.