Кыргызстанда алгачкы ирет Grammy коучу Карина Купер мастер-класс өтүүдө

Маданият 01 Апрель 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.19.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.21.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.20.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.19.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.21.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.20.55.jpeg
Алдыга
Артка
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги “Манас” театрында алгачкы ирет Grammy коучу, композитор Карина Купердин мастер-классы өтүүдө. Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

Ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, музыкалык окуу жайдын мугалимдери, студенттер жана эстрада ырчылары катышууда.

Карина Купер – дүйнө жүзү боюнча 50 миңден ашуун окуучуну окуткан, Tom Jones, Eric Benet, Dave Koz сыяктуу атактуу артисттер менен иштеген вокалдык коуч. Ал Jennifer Lopez, Celine Dion, Beyoncé, Lady Gaga, Miley Cyrus сыяктуу жылдыздардын мугалимдеринен билим алган.

Мастер-класстын алкагында вокалдык остеопатия окутулат. Анда үн менен иштөө боюнча революциялык ыкмалар көрсөтүлөт.