Кыргызстанда алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири өттү

Спорт 21 Июль 2025 09:30
518351139_760242946348925_968372374477458034_n.jpg
518365185_760242199682333_2625293590923085654_n.jpg
518355514_760242106349009_3371758427360472342_n.jpg
518380979_760242549682298_7684242974992956903_n.jpg
518399540_760241546349065_7200135268884886162_n.jpg
518385477_760251466348073_3801091352063856963_n.jpg
518384484_760242863015600_4024110490940052273_n.jpg
518376425_760242249682328_3385976185546140419_n.jpg
518350281_760242176349002_8858142911260797617_n.jpg
518384074_760242416348978_621181812528342318_n.jpg
518399908_760242253015661_1007943912489809156_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Күн мурун “Бишкек Арена” муз майданында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулуп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өттү.

Ири спорттук иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиадалык комитеттин президенти Умбеталы Кыдыралиев, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, белгилүү мушкер Орзубек Назаров, ошондой эле Япониянын “SAIKOU LUSH” компаниясынын өкүлдөрү жана бокс спортунун күйөрмандары катышты.

Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Уганда жана Филиппиндин мушкерлери рингге чыгып, эл аралык деңгээлдеги таймаштар болуп өттү. Көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан учур Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун профессионалдык рингдеги дебюттук беттеши болду.

Эл аралык спорттук иш-чара ата мекендик ырчылардын концерттик номерлери менен коштолуп турду.