Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 6;
- Чүй облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.