Кыргызстанда акыркы 5 жылда балдардын хоккейге кызыгуусу 10 эсеге өстү

Спорт Загрузка... 05 Сентябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Акыркы беш жылда Кыргызстанда хоккей менен алектенген балдардын саны эки эсе эмес, он эсеге өскөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Нарын хоккей лигасынын президенти Бакыт Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында балдар хоккейинин өнүгүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Учурда Челябинск шаарындагы хоккей академиясында 12 кыргызстандык мектеп окуучусу, дагы 17си АКШда билим алууда.

"Андрей Зубаревдин келиши Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Буга чейин Кыргызстандын Хоккей федерациясы балдар үчүн Питтсбургга саякат уюштуруп, ал жактан Евгений Малкин менен жолугуп, чоң мотивация алышкан. Эми бизге Олимпиада чемпиону келди. Бул жаш хоккейчилер үчүн баа жеткис тажрыйба», - деди Жумагулов.

Ал ошондой эле өлкөнүн тарыхында биринчи жолу хоккейге олуттуу көңүл бурула баштаганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет. Кошумчалай кетсек, “Манас кубогу” турнири жылына төрт-беш жолу өткөрүлүп, ага Кыргызстандын облустарынан эле эмес, Казакстан менен Өзбекстандан да командалар катышууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда хоккей үч жаштан башталат. Учурда өлкөдө 400-450дөй хоккейчи бар.

КР Хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова негизги көйгөй муз аянтчаларынын жоктугун баса белгиледи.

"Учурда өлкөдө муз тебүүчү аянтчалар дээрлик жок. Мен бул маселеге көбүрөөк көңүл бурулуп, каржылык колдоо көрсөтүүнү каалайт элем", - деди ал.