Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлүүдө

Экономика Загрузка... 05 Декабрь 2025 09:45
c209f5300bfbf6ae8a07566c2137397f.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Балык өнөр жайы комплекси департаменти Корея деңиз институтунун (KMI) жетекчилиги менен Кыргызстандын "Балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү боюнча улуттук борборун" түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жыйын видео конференц байланыш форматында өттү. 

Улуттук борбор министрликтин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн базасында түзүлүүдө.

593470729_122195778152341273_7949193441139562308_n

Балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү боюнча улуттук борбор балык түрлөрүн өндүрүү жана уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырууну пландап жатат. Мындан тышкары, борбор студенттер, илимий кызматкерлер, балык чарба адистери үчүн илимий аянтча катары пайдаланылат.

Тараптар курулуп жаткан борбордун республикадагы балык чарба тармагы үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Учурда долбоорду ишке ашыруу акыркы этапта турат.

Аталган борбордун расмий ачылышы 2026-жылдын экинчи кварталына белгиленди.