Кыргызстанда аймактардагы китепканалардын 70 пайызы жабылат

Коом Загрузка... 19 Август 2025 17:38
11.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарындагы китепканалардын 70 пайызы жабылат. Бул тууралуу бүгүн бюрократиядан арылуу боюнча комиссиянын жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн изилдөөлөр айыл китепканаларынын 82 пайызындагы китеп фонду эскирип, жараксыз болуп калганын көрсөттү. Бул болжол менен 1 млн 200 миң китеп. Бюрократиядан арылуунун алкагында айыл китепканаларынын 70 пайызын жабуу, ал эми жарактуу китептерди мектептерге өткөрүп берүү чечими кабыл алынууда.

"Бардык борбордук китепканалар санариптештирилет", - деди министр.