Кыргызстанда AFC Women’s Football Day 2025 турнири өттү

Спорт Загрузка... 14 Март 2025 15:00
IMG_0759.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon КФС

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Кечээ Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясынын талаасында 12 жашка чейинки кыздардын командалары арасында AFC Women’s Football Day 2025 турнири өттү.

Футбол союзунан билдиришкендей, мелдешти Аялдардын футбол ассоциациясы уюштурган.

Мелдешке Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тогуз команда катышты.

Турнирдин жыйынтыгы:

1-орун - Азалия;

2-орун – Асылбаш;

3-орун - Дордой.

Белгилей кетсек, Азия футбол конфедерациясы аялдардын футболго катышуусун колдоо максатында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата AFC Women’s Football Day футбол күнүн жыл сайын улуттук ассоциациялар менен биргеликте уюштуруп келет.