Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү чаралары талкууланды

Коом 4 август 2025 10:15
526034148_1199216695581335_3356943756768928049_n.jpg
526466016_1199217068914631_4789826218755126685_n.jpg
527011952_1199216832247988_1873058170075199813_n.jpg
Алдыга
Артка
526034148_1199216695581335_3356943756768928049_n.jpg
526466016_1199217068914631_4789826218755126685_n.jpg
527011952_1199216832247988_1873058170075199813_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө адам сатуунун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган семинар уюштурду.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлдү.

Ага адам укуктарын коргоо жана адам сатууга каршы күрөшүү тармагында иштеген мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттерди, журналисттерди жана активисттер катышты.

Семинардын алкагында миграция жана адамдарды сатуунун алдын алуу маселелеринде Кыргызстан туш болгон негизги чакырыктар, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөр менен өнөктөштөрдүн ортосундагы улуттук жана эл аралык деңгээлдердеги өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.

Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу ведомстволор аралык кызматташтыктын жана калктын аярлуу топторунун арасында профилактикалык иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл эмгек миграциясы, эксплуатациялоо маселелерине жана жарандарды тобокелдиктер жана коргоо ыкмалары жөнүндө маалымдоо зарылдыгына бурулду.

Иш-чарада өлкөдөгү учурдагы кырдаал жөнүндө аналитикалык маалымат берилип, жабыр тарткандарга жардам берүүнүн ийгиликтүү учурларынын мисалдары жана ченемдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча аткарылган иштер көрсөтүлдү.

Семинар активдүү дискуссия жана адамдарды сатуунун курмандыктарын алдын алуу, аныктоо жана реабилитациялоо механизмдерин мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар менен алмашуу менен аяктады.

Катышуучулар бул маанилүү багытта биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.