Кыргызстанда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары үчүн жаза катаалдайт

Коом Загрузка... 05 Ноябрь 2025 11:55
dtp-na-dorogah-e166.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары үчүн жазаны катаалдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, учурда мас абалында же айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочуларга жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүгү жок 16-17 жаштагы өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылган учурлар көп катталууда. Кээ бир айдоочулар жөө адамдар өтүүчү жолдун алдына башка унаа токтоп калса, алар да ылдамдыгын азайтыш керектигин түшүнүшпөйт. Жол эрежесин билбей катуу ылдамдыкта айдашат. Эгер алардын унаасынын дөңгөлөгү жарылып калса, эмне кыларын билбей калышат. Мунун баары айдоочунун жөнөкөй эрежелерди билбегендигинен кабар берет", - деп белгиледи Туманбаев.

Ал белгилегендей, президенттин көрсөтмөсү менен айдоочуларды даярдоо жана башкаруу системасын реформалоо жүрүп жатат.

“Билим талаптарын жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазаларды күчөтүү менен гана биз жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү айдоочуларды тарбиялай алабыз. Реформаны ишке ашырууга 4-5 жылдай убакыт керек, бирок биз аягына чейин чыгарабыз”, - деп белгиледи ал.