Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында алдыдагы күш-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд 314 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул пландагы 10 млрд 334 млн кВт/саат көрсөткүчтөн жогору.
"Ал эми ушул жылдын 15-октябрына карата электр энергиясынын импорту 2 млрд 922 млн кВт/саатты түзгөнүн билдирди", - деди ал.