Кыргызстанда 9 айда дээрлик 899 миң айдоочу жол эрежесин бузду

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 12:40

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында 898миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эреже бузуулар төмөнкү эреже бузууларга таандык:

-мас абалында унаа башкарган 12 448 айдоочу;

-ылдамдыкты ашырып айдаган 135миң 141 айдоочу;

-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 6185 айдоочу;

-тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 716 айдоочу;

-автоээнбаштык жасаган 1232 айдоочу;

-коопсуздук курун тагынбаган 112миң 29 айдоочу;

-жөө жүргүнчүлөр жана мопед башкаргандардын эреже бузуу учуру 28 603;

-жол белгилерине жана жол чийиндерине баш ийбеген 425миң 973 айдоочу;

Белгилей кетсек, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123миң 303 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.