Кыргызстанда 9 айда болжол менен 5 миң бала кыйынчылыктарга дуушар болду

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 13:00
2017-12-18_14-33-13.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда быйылкы 9 айында 4 843 бала турмуштук оор жашоо шарттка дуушар болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына караганда, бул балдардын 2 514үнө жекече коргоо планы түзүлгөн, ал эми 2 488 бала кыйынчылыктан чыгарылган.

Ошондой эле 1 277 үй-бүлө социалдык колдоого муктаж деп аныкталган, алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык жардам, документтерди даярдоо же окууга жиберүү аркылуу кризистен чыккан.

Министрлик ошондой эле балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда.

Быйылкы 9 айда 444 бала ар кандай зордук-зомбулукка дуушар болгон, алардын баарына керектүү социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.