Кыргызстанда 70 миңге жакын ипотекалык батир курулууда

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.10.25. / Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча 70 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык батирлер курулуп жатат. Бул тууралуу "МИК" ААКсынын Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мырзагүл Сардарбекова "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн бардык облустарында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

"Биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында "Менин үйүм" программасы боюнча иш алып баруудабыз. Өзгөчө Бишкек шаарында курулуш иштер кызуу жүрүүдө анткени, борбор калаада ички миграциянын деңгээли жогору. Ошондуктан Бишкек шаары менен Чүй облусунда турак-жайга болгон суроо-талап кыйла жогору. Бирок, Бишкекте иштегендерге аймактарда да турак-жай алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди адис.

Ал ошондой эле МИК тарабынан курулуп жаткан үйлөр борборлоштурулган электр, суу менен камсыздоо жана канализация системаларына кошулганын, ал эми көпчүлүк объекттерде жылуулук өз от казандарынан берилерин кошумчалады.

"Республика боюнча турак-жай алуу үчүн кезекте 60 миңден ашуун адам турат", - деп кошумчалады ал.