Кыргызстанда 6-июнда Курман айт майрамы белгиленет

Коом 28 май 2025 08:55
Кыргызстанда 6-июнда  Курман айт майрамы белгиленет

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда 6-июнда Курман айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Муфтияттан маалымдашкандай, 5-июнь арапа күнү болот.

Курман айт эс алуу күн болуп саналат. Ишемби жана жекшембини кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.